Насыя, депозит жана карта боюнча эң пайдалуу сунуштар каякта: кантип тез салыштыруу керек

Бирдей өндүрүм, бирок ар башка кызматтар. Насыя үчүн ашыкча төлөө жана депозит боюнча өткөрүп жиберген киреше өз таасирин тийгизбей койбойт. Сунуштарды кантип тез салыштырып, мыктысын тандоо керектигин айтып беребиз.

Насыя, депозит жана карта боюнча эң пайдалуу сунуштар каякта: кантип тез салыштыруу керек

Башында банктык өнүмдөр бирдей көрүнүшү мүмкүн: насыяны тандоодо көбүнчө пайыздык ченге гана көңүл бурабыз, ал эми депозитти кароодо сунушталган кирешенин пайызын баалайбыз, банктык картаны баалап, жеткиликтүү функцияларды талдайбыз. Бирок иш жүзүндө майда нерселер чыныгы пайданы же ашыкча төлөмдү түзөт.

Эң жакшы вариантты тандоо үчүн сунуштарды бир нече параметрлер боюнча салыштыруу маанилүү. Аны Кыргызстандын бардык банктык кызматтарын бир жерге чогулткан биздин платформабыз - Banks.kg аркылуу кыла аласыз.

Насыяны тандоодо эмнеге көңүл буруу керек 

Көбүнчө колдонуучулар насыянын пайыздык ченине гана көңүл бурушат: канчалык төмөн болсо - ошончолук жакшы. Бирок, чындыгында пайыздык чен - бул бир гана бөлүгү. Насыянын толук наркын эске алуу алда канча маанилүү. Ага комиссиялар, камсыздандыруу боюнча милдеттенмелер жана кошумча төлөмдөр кириши мүмкүн. 

Салыштырууда мөөнөтүнө, валютасына, мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгүнө жана ай сайынкы реалдуу төлөмдөргө көңүл буруу керек. Кээде төмөн пайыздык чен жашыруун чыгымдар менен компенсацияланат.

Пайдалуу депозитти кантип тандоо керек

Депозиттер үчүн негизги көрсөткүч, албетте, пайыздык чен, бирок бул жерде да айрым маселелер бар. Мында пайыздарды чегерүү шарттарын, каражаттарды толуктоо мүмкүнчүлүгүн, мөөнөтүнөн мурда алуу жана чегерилген пайыздарды капиталдаштырууну эске алуу маанилүү.

Кээде жогорку чен өндүрүмдүн ийкемдүүлүгүн азайткан чектөөлөр менен коштолот, андыктан кирешени гана эмес, колдонуунун ыңгайлуулугун да баалоо маанилүү. 

Банктык картаны тандоодо эмне маанилүү

Кыргызстан банктарында жеткиликтүү болгон банктык карталар тейлөө тарифтери менен гана айырмаланбайт. Накталай акча алуу, которуулар үчүн комиссиялар, ошондой эле кошумча бонустар: кэшбэк, овердрафттын жеткиликтүүлүгү, лоялдуулук программалары маанилүү ролду ойнойт. 

Тандоо картаны кантип колдонууну пландаштырганыңызга жараша болот: күнүмдүк чыгымдар, саякаттар же бизнес үчүн.

Banks.kg кантип жардам берет

Banks.kg платформасында ар кандай банктардын өнүмдөрүнүн актуалдуу шарттары менен карталары чогултулган. Бул ондогон сайттарга кирбестен, негизги параметрлер боюнча сунуштарды тез салыштырууга мүмкүндүк берет. Жыл башынан бери Banks.kg сайты аркылуу онлайн-арыз берүү кызматынан 30 000ден ашык кардар пайдаланды.

Биздин сайтта колдонуучу шарттарды изилдеп гана тим болбостон, дароо эле онлайн-арызды белгилүү бир банкка белгилүү бир өнүмгө, же дароо бир нече финансы-кредиттик мекемеге керектүү параметрлерди көрсөтүү менен жөнөтө алат. Андан кийин банктын менеджери потенциалдуу кардар менен байланышып, кеңеш берип, кызматтарды сунушташы керек. 

Негизги параметрлер боюнча пайдалуу шарттар, бирок пайдасыз толуктоолор өнүмдү кардардын талаптарына толугу менен туура келбеген кылып коюшу мүмкүн. Өнүмдөрдү бир нече параметр боюнча салыштыруу ашыкча чыгымдардан качууга жана сизге чындап ылайыктуу чечимди тандоого жардам берет.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.