Дүйнөдөгү бай адамдардын байлыгы тарыхый чекке жетти

2025-жылы дүйнөдөгү миллиардерлердин жалпы байлыгы 18,3 трлн долларга жеткен.

Дүйнөдөгү бай адамдардын байлыгы тарыхый чекке жетти
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Oxfam уюмунун изилдөөсүндө айтылат. 

Oxfam уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2025-жылы дүйнөдөгү миллиардерлердин жалпы байлыгы 2,5 трлн долларга же 16,2 %га өскөн. Бул 2020-жылдан берки орточо өсүү темпинен үч эсе көп.

Ал эми 2020-жылдан берки инфляцияны эске алганда 8,2 трлн долларга тагыраагы 81%га көбөйгөн. Дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын жалпы байлыгы акыркы беш жылдагы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу үч эсе ылдам көбөйдү. Ошол эле учурда планетанын калкынын дээрлик жарымы жакырчылыкта жашоодо.

Oxfam белгилегендей, миллиардердин байлыгынын болжол менен 60%ын үч негизги булактан: мурас, коррупция жана монополиялык бмйликтен түзүлөт.  Уюм миллиардерлер байлыгынын 36%ын мурас аркылуу алган деп эсептейт.

«Триллиондогон долларлар мурас аркылуу өтүп жатат, бул саясатка жана экономикага эбегейсиз таасири бар жаңы аристократиялык олигархиянын пайда болушуна алып келет», - деп айтылат отчетто. 

Аталган уюмдун божомолунда, жакынкы үч он жылдыкта миңден ашуун миллиардерлер мураскорлоруна 5,2 триллион доллардан ашык акча өткөрүп беришет, бул каражаттардын көбү салык менен төлөнбөйт. Уюм ошондой эле дүйнөдөгү миллиардерлердин жарымы мураска салык жок өлкөлөрдө жашаарын белгиледи.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.