Binance лидерлери Кыргызстанда: компания жана республика санариптик актив секторун кантип өнүктүрүүдө

Кечээ, 6-октябрда Binance компаниясы Кыргызстандын ЖМК өкүлдөрү менен жолугушту. Анда виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары жаатындагы заманбап чечимдерди киргизүүнү камтыган санарип экономикасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Binance лидерлери Кыргызстанда: компания жана республика санариптик актив секторун кантип өнүктүрүүдө
Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы

Иш-чарага маркетинг боюнча глобалдык директор Рейчел Конлан жана Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Африка боюнча аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков катышты. 

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конлан менен жолугушкан. Ал өлкө башчысына жергиликтүү санариптик активдердин экосистемасын түзүү боюнча активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын демилгеси кеңири эл аралык кызыгууну жаратып жатканын белгилеген.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Binance компаниясынын Кыргызстандагы өнүгүүсү тууралуу маалымат берилди. Компаниянын стратегиялык демилгелери жана өлкөдөгү мамлекеттик органдар жана билим берүү мекемелери менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгү талкууланды.

Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Африка боюнча аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков Кыргызстанда колдонуучулардын өсүү темпи эң жогору деп эсептейт. Акыркы 12 айда катталган колдонуучулардын саны 66,65%га өсүп, Кыргызстан активдүү колдонуучулардын саны боюнча Борбор Азиядагы алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди.

Спикерлер Binance компаниясынын кыргызстандык колдонуучуларынын профилине өзгөчө көңүл бурушту. 2024-жылдын декабрындагы Binance сурамжылоосуна ылайык, аудиториянын басымдуу бөлүгүн 26 жаштан 35 жашка чейинки эркектер (78,5%) түзөт. Респонденттердин дээрлик жарымы (48%) жогорку билимге ээ, 43%ы жумушка ороношкондор жана 18%ы өз бизнестерине ээ.

«Кыргыз криптокоомчулугу жаш, технологияны жакшы билген жана амбициялуу. Ал каржылык эркиндик, инновация жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө идеяларынын айланасында түзүлгөн. Биздин колдонуучулардын жарымынан көбү HODL стратегиясын карманышат, активдерин узак мөөнөттүү кармоону артык көрүшөт жана көпчүлүгү 2025-жылы инвестициялоону улантууну пландаштырууда», - деп баса белгиледи Рэйчел Конлан.

Ал белгилегендей, интернет жана социалдык медиа кыргызстандыктар үчүн криптовалютаны билүүнүн негизги булагы бойдон калууда. Колдонуучулардын басымдуу бөлүгү (46,6%) маалыматты интернет аркылуу алышат, Telegram алдыда (37,5%), андан кийин YouTube жана Instagram турат. Бул коомчулук менен түз байланыштын маанилүүлүгүн жана финансылык сабаттуулукту жогорулатууда санариптик каналдардын ролун баса белгилейт.

2025-жылдын май айында Binance жана КРнын Улуттук инвестициялык агенттиги санариптик актив секторун өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.

«Биздин бардык долбоорлор Кыргыз Республикасынын президентине караштуу виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын активдүү колдоосу жана координациялоосу менен ишке ашырылууда. Бул өнөктөштүк келечектеги Binance демилгелеринин улуттук артыкчылыктарга шайкеш келишин камсыздайт», - деп белгиледи Кирилл Хомяков.

Бул кызматташтыктын негизги багыттарынын бири Binance Pay аркылуу криптотөлөмдөрдү ишке ашыруу болуп саналат. Улуттук QR-кодунун стандарттарын интеграциялоо боюнча иштер Улуттук төлөм системасы менен жүргүзүлүп жатат, бул колдонуучуларга өлкө боюнча чекене соода түйүндөрүндө коопсуз криптотөлөмдөрүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

2025-жылдын сентябрында Binance Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн криптокриминалдык иликтөө жана блокчейн маалыматтарын талдоо боюнча тренинг уюштурган.

Мындан тышкары, компания өзүнүн мобилдик тиркемелеринде жана Binance Academy билим берүү платформасында кыргыз тилин колдоону ишке киргизип, кыргыз тилдүү колдонуучулар үчүн өз кызматтарын локалдаштыруу боюнча биринчи эл аралык биржа болуп калды.

«Биз колдонуучулар менен алардын тилинде сөзмө-сөз гана эмес, маданий жактан да сүйлөшүүгө аракет кылабыз. Binance компаниясын кыргыз тилине локалдаштыруу миллиондогон адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана аймактагы криптосабаттуулукту илгерилетет», - деп белгиледи Рэйчел Конлан.

Иш-чарада Binance компаниясынын Кыргызстандын ЖОЖдорунун студенттери үчүн кеңири масштабдуу билим берүү программасы октябрь айынан тарта ишке кире турганы белгиленди. Долбоор 60 миңден ашуун студентти камтыйт жана өлкөнүн алдыңкы университеттери, анын ичинде БААУ, КУУ, ОшМУ жана башка окуу жайлар менен өнөктөштүктө ишке ашырылмакчы.

«Биздин максатыбыз - Кыргызстандын жаштарына санариптик каржылоо жана инвестициялар боюнча практикалык билим алууга жардам берүү. Биз билим берүү криптоэкосистеманын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи деп эсептейбиз», - деп кошумчалады Конлан.

Андан кийин Binance өкүлдөрү журналисттердин санариптик активдердеги глобалдык тенденциялар, эл аралык жөнгө салуу стандарттары жана ар кайсы өлкөлөрдүн криптоиндустриясына болгон мамилеси тууралуу суроолоруна жооп беришти.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.