Бул тууралуу Binance компаниясы 13-майда маалымдады.
Интеграция виртуалдык активдерге жетүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана жергиликтүү криптоэкосистеманы өнүктүрүүгө багытталган. MegaPay аркылуу колдонуучулар фиат акчалар менен көнүмүш төлөм сценарийинде иштешет - бул криптовалюта менен өз ара аракеттенүүнү түшүнүктүү кылат. Чечимдин алкагында колдонуучуларга сомго 1:1 катышында байланыштырылган KGST стейблкоинин сатып алуу жеткиликтүү.
Каражатты кантип толуктоо керек
Binance сайтына же мобилдик тиркемесине кирип, «Толуктоо» функциясын тандоо, валюта катары KGS көрсөтүү жана керектүү сумманы киргизүү зарыл. Андан кийин төлөм ыкмасы катары ELQR тандалат, мындан соң операция Binance интерфейсинде ырасталат: QR-кодду мобилдик банк тиркемеси аркылуу сканерлеп, сом менен которууну аяктоо керек.
Каражатты чыгаруу
Каражат чыгаруу үчүн колдонуучу Binance сайтына же мобилдик тиркемесине кирип, «Сатуу» функциясын тандап, сумманы көрсөтүп жана акча түшө турган банктык картаны тандоосу керек.
Мындай ыкма Кыргызстандагы колдонуучулар үчүн эсепти толуктоо жана KGST чыгаруу процессин жөнөкөй, ыкчам жана көнүмүш кылат.
Интеграция ишке киргенден кийин Кыргызстандагы Binance колдонуучулары балансты түздөн-түз сом менен толуктай алышат. Бул фиаттан криптоактивге өтүү жолун кыйла кыскартып, колдонуучулардын убактысын үнөмдөйт.
«Жергиликтүү төлөм системалары аркылуу фиат каналдарын өнүктүрүү - Binance’тин санариптик активдерге глобалдык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү. MegaPay менен интеграция Кыргыз Республикасынын рыногунун өзгөчөлүктөрүн эске алып, колдонуучулардын күнүмдүк финансылык адаттарына жооп берген чечимдерди сунуштоого мүмкүндүк берет. Биз өлкөдөгү ар бир колдонуучу үчүн криптоэкономикага кирүүнү жөнөкөйлөтүү максатында жергиликтүү төлөм чечимдерин өнүктүрүүнү улантабыз», - деп белгиледи Binance компаниясынын Борбор Азия, Борбордук жана Чыгыш Европа жана Африка боюнча аймактык рынокторунун жетекчиси Кирилл Хомяков.

«Binance менен интеграция - MegaPay’дин инновациялык финтех-экосистема катары өнүгүүсүндөгү маанилүү этап. Биз өлкөдө биринчилерден болуп салттуу финансылык сервистер менен санариптик активдер дүйнөсүн бириктирген чечимдерди киргизип жатабыз. Бул өнөктөштүк өлкөнүн финансылык технологияларынын өнүгүүсүндө жаңы баракты ачып, классикалык төлөмдөр менен криптоэкономиканын ортосундагы чек араларды жок кылат. Биз колдонуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен гана чектелбестен, финансылык инструменттерди колдонуу боюнча жаңы маданиятты калыптандырып, санариптик активдерге жетүүнү ар бир адам үчүн жөнөкөй, ыкчам жана түшүнүктүү кылып жатабыз», - деп билдиришти MegaPay өкүлдөрү.
Бул кызматташтык Binance’тин Кыргызстанда санариптик активдерди өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат жана КРнын президентинин алдындагы Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын колдоосу менен мамлекеттик түзүмдөрдүн координациясында ишке ашырылууда.
Маалымат үчүн:
Binance - финансылык продуктулардын топтомун сунуштаган, анын ичинде көлөмү боюнча эң ири санариптик активдер соода биржасын камтыган дүйнөдөгү алдыңкы криптовалюталык инфраструктура провайдери. Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар ишеним арткан Binance платформасы колдонуучулар үчүн акчанын эркиндигин жогорулатууга багытталган, соода жана финансы, билим берүү, маалымат жана изилдөөлөр, кайрымдуулук, инвестиция жана башка көптөгөн криптовалюталык продуктуларды жана сунуштарды камтыган кеңири портфелди сунуштайт.
Кошумча маалымат алуу үчүн https://www.binance.com сайтына кириңиз.
MegaPay - бул көп функционалдуу мобилдик тиркеме жана заманбап санариптик инструмент болуп, төлөмдөрдү жана акча которууларды ыңгайлуу жана коопсуз жүргүзүүгө, мамлекеттик кызматтарды алууга жана төлөөгө, ошондой эле абоненттик номерди жана жеке чыгымдарды башкарууга мүмкүндүк берет. Интуитивдүү түшүнүктүү интерфейске жана күн бою жеткиликтүүлүккө ээ болгон тиркеме Кыргызстан ичинде да, анын чегинен тышкары да бир заматта финансылык операцияларды жүргүзүүнү камсыздап, бонус системасы аркылуу колдонуучуларга кошумча артыкчылыктарды сунуштайт, товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүдө үнөмдөөгө жана бонустарды алууга шарт түзөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн https://megapay.kg/ сайтына кириңиз.
KGST — кыргыз сомуна (KGS) 1:1 катышында байланыштырылган, толугу менен камсыздалган стейблкоин. KGST BSC (BNB Smart Chain) блокчейн-технологиясын колдонот, бул ыкчам жана арзан төлөмдөрдү, трансчек аралык акча которууларды жүргүзүүгө жана финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Стейблкоиндин иштеши жөнгө салуучу талаптарды сактоо менен жүзөгө ашырылып, анын туруктуулугун камсыз кылган резервдерди тийиштүү башкаруу менен коштолот. KGST стейблкоини эл аралык криптовалюталык биржаларда листинг процедурасынан өткөн, анда KGST/USDT жуптары боюнча соода ачылган, алардын катарында Binance жана HTX сыяктуу аянтчалар бар.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.