Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга Р.У. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адам 8-февралда Lalafo тиркемесине батирди ижарага берүү жөнүндө жарыя жайгаштырып, арыз ээсинин ишенимине кирип, депозит төлөө шылтоосу аркылуу 12 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алганын жазган.
Каражат «Bionex» төлөм системасы аркылуу которулгандан кийин алдамчы байланышка чыккан эмес.
Аталган факты боюнча Октябрь РИИБинин тергөө кызматы тарабынан 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган С.Ч., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, КРнын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарласа болот:
- +996702 00 17 88;
- +996702 60 90 90;
- 102.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.