Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 2025-жылдын август айында белгисиз жаран арзан баада батир алып берүү шылтоосу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, кийинчерээк акчасын көбөйтүп берем деп алдап, 85 миң АКШ долларын ээлеп алып, андан соң из жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүү катары 45 жаштагы Э.Д. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.