Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи объект - «КыргызТрансформатор» ЖЧКсынын базасында ишке киргизилген трансформаторлорду өндүрүүчү жаңы цех. Долбоорго 262 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты.
Ал жаңы өндүрүш ишканаларынын ишке кириши ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана борбор калаанын экономикасына инвестиция тартууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Экинчи объект - «Биринчи индустриалдык комплекс» ЖЧКсынын кошумча кондитердик цехи. Объектке 306 млн сом инвестиция жумшалган. Анын ачылышына Ленин районунун акими Тариел Айтиев катышты.

Үчүнчү объект - курулуш металл конструкцияларын жана металл буюмдарын өндүрүүгө адистешкен «Флагман компани» ЖЧКсынын жаңы ишканасы. Долбоорго 175 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын ачылыш аземине Биринчи Май районунун акими Улан Сарылбек уулу катышты.
Иш-чарага өнөр жай объектилеринин жетекчилери да түздөн-түз катышты. Жалпысынан аталган үч объектти ишке киргизүүнүн алкагында 250дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлөт.
«Үч жаңы өндүрүш объектисинин ачылышы ата мекендик өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, кесипкөй кадрларды даярдоого жана борбор калаанын өнөр жай инфраструктурасын бекемдөөгө өбөлгө түзөт» - деп жазылат маалыматта.
Мындай долбоорлордун ишке ашырылышы ата мекендик ишкердикти өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана Бишкек шаарынын мындан аркы экономикалык өсүшүнө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.