Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, эң жогорку баалар турак-жай курулуш тармагында катталса, ал эми административдик объекттер төмөнкү баа категориясында калууда.
Кыймылсыз мүлктүн түрлөрү боюнча көрсөткүчтөр (чарчы метрине болгон баа):
- Административдик имараттар — 20 миң 613,39 сом;
- Турак үйлөр — 200 миң 29,67 сом;
- Батирлер — 107 миң 743,55 сом;
- Коммерциялык объектилер — 188 миң 226,77 сом;
- Социалдык объектилер — 80 миң 784,17 сом.
Ошентип, турак жай имараттары рыноктун эң кымбат тармагы бойдон калууда, андан кийин коммерциялык мүлктөр жана батирлер турат. Эң төмөнкү баалар административдик кыймылсыз мүлк категориясында катталган.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте кыймылсыз мүлктүн баасы инфляциядан тез өсүп жатканы маалымдалган.
Буга чейин, батирдин кабаты баага кандай таасир берери тууралуу материал жарыялаганбыз.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.