Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталган маалымат боюнча, 2026-жылдын 13-январында арыз ээси аталган жаранга өзүнө таандык эки автоунааны — «KIA Sportage» жана «Mercedes-Benz S500» — сатуу максатында өткөрүп берген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин 22 миң 715 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты кайтарылган эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган А.Т. аттуу шектүү кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, ЖПКсынын 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кармалган жаранга карата ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын дагы кеминде үч ушундай алдамчылык фактысына тиешеси бар экени аныкталды.
«Бишкек ШИИББгы жарандарды сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүүдө, айрыкча мүлктү үчүнчү жактарга өткөрүп берүүдө этият болууга чакырат. Эгер сиз аталган жарандан жабыр тарткан болсоңуз же кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, тез арада ички иштер органдарына кайрылууну өтүнөбүз», - деп билдиришти шаардык милициядан.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.