Бишкектин тургунун кредит алдырып, үйүн сатууга көндүрүшкөн: эки шектүү колго түштү
Бишкекте 3,8 миллион сомдон ашык суммадагы алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Алдамчылар өздөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин, УКМКнын жана тергөө органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, аялды өз үйүн сатууга көндүрүшкөн.
Маалыматка ылайык, милицияга А.С.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 25-июнунда белгисиз адамдар WhatsApp мессенджери аркылуу өздөрүн мамлекеттик кызматкерлер катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.
Шектүүлөр «жашыруун операция» жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, жабырлануучуну 238 970 сом өлчөмүндө насыя алууга, акчаны накталай чыгарып, банкомат аркылуу өздөрү көрсөткөн реквизиттерге которууга, ошондой эле өзүнө таандык турак жайды төмөн баада сатууга көндүрүшкөн.
Натыйжада, келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 3 млн 810 миң 470 сомду түзгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 20 жаштагы М.Б.Б. жана 23 жаштагы шектүүлөр кармалган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Милиция жарандарды сак жана этият болууга, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырган белгисиз адамдарга ишенбөөгө чакырды. Ушул өңдүү чалуулар келип түшсө, дароо милицияга «102» номери аркылуу кайрылуу керек.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.