Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 291 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

30-октябрга карата «Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү» долбоору боюнча 86 субъект жеңилдетилген насыя алды.

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 291 млн сом жеңилдетилген насыя берилди
Сүрөт: FREEDOM BROKER

Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалматка ылайык, аларды каржылоонун көлөмү 291 млн сомду түздү.

Насыя «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ААКтар тарабынан берилүүдө. Насыялоонун жалпы суммасы 1 849,56 млн сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган долбоор азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин 2025-жылдын 5-мартындагы токтому менен бекитилген.

Эске салсак, 2025-жылдын сентябрь айында үрөнчүлүк жана мал чарбачылыгы үчүн жалпы суммасы 115 миллион сом жеңилдетилген насыялар берилген.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.