Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмени Бишкек шаарынын мэринин турак жай коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары Рамиз Алиев жетектеди. Жыйынга шаардык коммуналдык кызматтардын жетекчилери, ошондой эле КРнын Энергетика министрлигинин, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын, «Түндүк» ММнын, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын жана «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.
Эмне маселелери талкууланды:
- кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү;
- бирдиктүү төлөм документин түзүү;
- биллинг системасын өнүктүрүү;
- толугу менен санариптик форматка өтүү.
Жыйындын жыйынтыгында кагаз дүмүрчөктөрдөн баш тартуу жана коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Эске салсак, Бишкекте санариптештирүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналган бирдиктүү дүмүрчөк иштеп жатат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.