Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Кепилдик фонд» ААКсы: «Унаа» продуктуна суроо-талап өсүүдө - кыска убакытта 176 авто сатып алынды

«Кепилдик фонд» ААКсы жарандардын ата мекендик өндүрүштөгү автоунааларды баштапкы төлөмсүз сатып алуусуна жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү улантууда. «Унаа» кепилдик продуктысы ишке киргизилгенден бери жарандар бул механизмди автокредиттерди алууда активдүү колдонуп келишет.

«Кепилдик фонд» ААКсы: «Унаа» продуктуна суроо-талап өсүүдө - кыска убакытта 176 авто сатып алынды
Фото: Tulpar Motors

«Унаа» продуктысы 2025-жылдын август айында ишке киргизилип, кыска убакыттын ичинде жогорку суроо-талапка ээ экенин көрсөттү.

2025-жылы бул продуктунун алкагында 57,1 млн сом суммасында 154 кепилдик берилген. Ал эми үстүбүздөгү жылы дагы 7,3 млн сомго 22 кепилдик берилди. Жалпысынан «Унаа» кеилдиги ишке киргизилгенден бери 64,5 млн сом суммасында 176 кепилдик берилди.

Белгилей кетүүчү нерсе, продукт жакында гана ишке киргизилгенине карабастан, жарандар тарабынан кыска убакытта ушунча сандагы автоунаалар сатылып алынган. Бул инструменттин жогорку суроо-талапка ээ экенин жана калк үчүн практикалык мааниге ээ экенин көрсөтөт.

«Унаа» кепилдиги банктар аркылуу автокредит алууда баштапкы төлөмсүз ата мекендик автоунааларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Мында «Кепилдик фонд» ААКсынын катышуу үлүшү каржылоонун суммасынын 30%ына чейин түзүп, күрөө жетишсиз болгон учурда да кредит алууну жеңилдетет.

«Кепилдик фонд» ААКсы жарандарды колдоого жана каржылоого жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган кепилдик инструменттерин өнүктүрүүнү улантат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.