Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылы өлкөгө 5,1 миллиард доллар инвестиция келген, бул мурунку жылга салыштырмалуу 25,9%га аз.
Түз чет элдик инвестициялар 7,7%га азайып, 950,4 млн долларды түздү. Эң көп инвестиция тоо-кен, өнөр жай, соода, байланыш жана каржы тармагына салынган.
Ошол эле учурда маалымат жана коммуникация тармагына инвестициялар дээрлик он эсеге, ал эми пайдалуу кендерди казып алууга эки эседен ашык көбөйгөн.
Кыргызстандын эң ири инвесторлору:
- Кытай – бардык инвестициялардын 38,4%;
- Түркия - 14,6%;
- Нидерланды – 7,6%;
- Улуу Британия - 3,1%.
Инвестициялардын агымы КМШ өлкөлөрүнөн эң көп кыскарган – дээрлик эки эсеге, анын ичинде Россия Федерациясынан жана Казакстандан.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.