«Таза баракка» ээ болуу мүмкүнчүлүгү: парламент кредиттик тарых боюнча өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды

Кечээ, 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

«Таза баракка» ээ болуу мүмкүнчүлүгү: парламент кредиттик тарых боюнча өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды
Иллюстрациялык сүрөт

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды. 

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты насыялык маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана финансылык инклюзияны өнүктүрүү, жарандардын жана ишкерлердин насыялык ресурстарга жетүү мүмкүндүгү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Тагыраагы, мыйзам долбоорунун милдети насыялык маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүн кыскартуу болуп саналат, бул зайымчылардын насыяларга жетүүсүн жеңилдетүүгө, банк системасына жүктөмдү азайтууга жана чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө дем берүүгө мүмкүндүк берет.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров билдиргендей, насыялардын 20% АКШ долларында, ал эми 80% улуттук валютада берилген.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.