Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Эмнеге креативдүү индустриянын өкүлдөрү салыктан бошотулду?

Креативдүү индустрияга болгон салыктык жеңилдиктер, өзгөчө блогерлерди беш жылга салыктан бошотуу коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды. Ал эми бийлик муну менен таланттуу жаштарды Кыргызстанда кармап калууну көздөгөнүн түшүндүрүүдө.

Эмнеге креативдүү индустриянын өкүлдөрү салыктан бошотулду?
Иллюстрациялык сүрөт

Президент Садыр Жапаровдун 11-июнда кабыл алынган «Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык,  IT тармагына, жасалма интеллект жана тиркеме иштеп чыгуучуларга, блогерлерге, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендерге, стартаперлерге, кино, видео жана телеберүү өндүрүшү менен алектенгендерге, ошондой эле кабмин аныктаган башка креативдүү жана чыгармачылык багыттарга 5 жылдык мөөнөткө салыктарды төлөөдөн бошотуу сунушталат. Мындан тышкары, бул категориялар үчүн киреше салыгынын ставкасын 5% өлчөмүндө белгилөө жана мамлекеттик соцкамсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы орточо айлык эмгек акынын 12% өлчөмүндө белгилөө шарты каралган.

17-июнда Кыргызстандын креативдүү экономикасынын өкүлдөрү менен аларга болгон колдоо тууралуу Креативдүү индустриялар паркынын байкоочу кеңешинин төрагасы Данияр Аманалиев кенен айтып берди. 

Билим жана идея экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы

Данияр Аманалиев белгилегендей, мурда экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы материалдык товарларды өндүрүү болсо, бүгүнкү күндө идеялар, инновациялар жана интеллектуалдык капитал барган сайын чоң мааниге ээ болууда.

Анын айтымында, мындан улам өнүккөн өлкөлөр билимге, илимий изилдөөлөргө жана чыгармачыл тармактарга жигердүү инвестиция салып жатышат жана жасалма интеллекттин тез өнүгүшү менен чыгармачылыктын мааниси дагы да өсө берет.

«Бүгүнкү күндө кирешени идеяны ишке ашыргандар эмес, ойлоп тапкандар алат», - деп билдирди ал. 

Салык жеңилдиктер инвесторлорго белги 

Аманалиевдин айтымында, мамлекеттин креативдүү экономиканын өкүлдөрүн салык жүгүнүн бир бөлүгүнөн убактылуу бошотуу тууралуу чечими ички рынокко да, эл аралык коомчулукка да маанилүү белги берет. Ал чыгармачыл экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты экенин көрсөтүп турат.

«Жеңилдиктер чектелүү мөөнөткө – беш жылга киргизилүүдө. Ошону менен катар милдеттүү төлөмдөр сакталат», - деп кошумчалады ал.

Эмнеге креативдүү компанияларга өзгөчө шарттар керек

Креативдүү индустриянын өзгөчөлүгү, алардын чыгашаларынын негизги бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысына жумшалат. Чыгымдардын олуттуу бөлүгүн чийки зат жана жабдуулар түзгөн өндүрүштөн же айыл чарбадан айырмаланып, чыгармачылык сектордо негизги ресурс адамдардын билими жана көндүмдөрү болуп саналат. Чыгымдарды кыскартуу үчүн көптөгөн компаниялар мыйзамдуу түрдө иштешпейт.

«Салыктарды кыскартуу компанияларга көмүскөдөн чыгып, алардын жумуш ордун расмийлештирип, эмгек келишимдерин түзүүгө жана ачык-айкын финансылык отчет түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде инвестицияга, кредиттерге жана эл аралык рынокко чыгууга жол ачат», - деп белгиледи Аманалиев.

Данияр Аманалиев буга кино тармагын мисал катары келтирди. Netflix же «Кинопоиск» сыяктуу эл аралык платформаларга чыгуу үчүн продюсерлор тасма тартуу процессинин бардык катышуучулары менен расмий келишимдерди ырасташы керек. Болбосо, продукт кое берилбейт.

 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.