Министрликтен белгилегендей, документ жарандардын жана ишкерлердин кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Негизги өзгөртүү насыялык терс маалыматты сактоонун мөөнөтүн беш жылдан үч жылга чейин кыскартуу. Бул Экономика министрлигинин баамында, төмөнкүлөргө жол берет:
- насыя алуучулардын насыя алуусун жеңилдетүү;
- банк тутумунун жүгүн азайтуу;
- чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө түрткү болуу.
КРнын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 30-июнуна карата өлкөдө 21 коммерциялык банк жана 304 филиал иштейт, анын ичинен бешөө - ислам принциптерине негизделген.
Банк секторунун таза кирешеси 14,77 млрд сомду түзүп, активдер 24,1%га өсүп - 1 триллион 12 млрд сомго, ал эми кредит портфели 22,4%га өсүп - 416,9 млрд сомго жеткен.
Керектөө кредити өзгөчө тездик менен өстү (+37,9%), ал эми исламдык каржылоонун көлөмү 50,2%га өсүп, 13,6 млрд сомго жеткен.
Учурдагы нормалар
Учурдагы мыйзамдарга ылайык, кредиттик бюролор төмөнкүлөрдү сактоого милдеттүү:
- позитивдүү кредиттик маалыматты – насыяны толук төлөгөндөн кийин 7 жыл;
- терс кредиттик маалыматты – 5 жыл;
- ломбарддар тарабынан берилген кредиттер боюнча маалыматты – 1 жыл.
Ошентип, учурда кредиттик маалыматтар карыз алуучунун тарыхында 5-7 жыл бою сакталып турат.
Эл аралык тажрыйба
Министрлик мөөнөттү кыскартып, жакшы натыйжага жетишкен коңшу Казакстанды мисал келтирди. Анда ал жакта буга чейин терс кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтү 10 жыл болгонун, кийин чакан ишкерликти колдоо үчүн 5 жылга чейин кыскартылганын маалымдашты.
Коңшу өлкөнүн оң тажрыйбасын жана Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өсүшүн эске алуу менен министрлик терс кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн үч жылга чейин кыскартууну пилоттук негизде сунуштоодо.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.