Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
КРнын Улуттук банкы 24-сентябрда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтом Кыргызстандын банктарынын чет мамлекеттердеги филиалдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобонун:
23-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалды:
«тобокелдиктер классификациясында банк күнүмдүк ишинде дуушарланган тобокелдиктердин бардык түрлөрү, анын ичинде аларга сандык баа берүү кыйла татаал (аброй жоготуу тобокелдиги, комплаенс тобокелдиги ж.б.) болгон тобокелдиктер камтылышы керек. Учурдагы тобокелдиктерден тышкары, банк капиталдын жетиштүүлүгү боюнча келечектеги баа берүүлөрүндө өз стратегияларын ишке ашыруудан же анын операциялык чөйрөсүндөгү тиешелүү өзгөрүүлөрдөн келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди (мисалы, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер, криптовалюталык активдерге байланыштуу жана банктын филиалынын чет мамлекеттеги ишине байланыштуу жана башка) да эске алууга тийиш. Банк бул тобокелдиктерди өз алдынча категориялар катары эмес, банктык тобокелдиктердин негизги түрлөрүнүн (кредиттик, рыноктук, операциялык, өлкө, комплаенс-тобокелдик жана башка маанилүү тобокелдиктердин) курамында аныктоого жана баалоого укуктуу»;
29-пунктунун 2-пунктчасынын «е» пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалды:
«башка олуттуу тобокелдиктерге дуушарланууңузга баа берүү, анын ичинде банктын филиалынын ишин чет мамлекетте жүзөгө ашыруусуна байланышкан тобокелдиктерди камтуу менен жана аларды жабуу үчүн капитал бөлүп берүү (банктык тобокелдиктердин башка түрлөрүнүн курамында бул тобокелдиктерди жабууга капитал бөлүп берүүгө болгон муктаждыкты аныктоого жол берилет)».
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Документ менен толук бул шилтемени басып тааныша аласыз.
Эске салсак, КРнын Улуттук Банкынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга 2024-жылы июнь айында чыгарылган.
Ал эми аталган токтом 2025-жылдын январь айында кабыл алынган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.