Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Дастан Бекешев: автобустарда накталай төлөмгө тыюу салуу мыйзамды бузат

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек мэрине автобустарда накталай төлөмдү толук тыюудан баш тартууну сунуштады.

Дастан Бекешев: автобустарда накталай төлөмгө тыюу салуу мыйзамды бузат
Иллюстрациялык сүрөт

Ал бул тууралуу өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. 

Анын айтымында, коомдук транспортту пенсионерлер, окуучулар, банк картасы жок адамдар, смартфон колдонбогондор, шаар коноктору, ошондой эле интернети же тиркемеси иштебей калган адамдар да колдонушат.

Мындан тышкары, эл өкүлү эскерткендей, сом Кыргызстандын улуттук валютасы болуп саналат жана аны төлөм катары алуудан баш тартуу айып пулга алып келет. 

Депутат төлөмдөрдүн санариптик жолдору өнүгүп жатканын колдогону менен QR-код, мобилдик тиркеме жана карталар милдеттүү эмес, ыңгайлуу альтернатива катары каралышы керектигин белгиледи.  

Белгилей кетсек, буга чейин мэр Айбек Жунушалиев журналисттер менен болгон жолугушууда 2026-жылдын 1-июлунан тарта коомдук транспорт үчүн накталай төлөм жоюларын айткан.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.