Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Депозиттерди коргоо боюнча агенттик менен «АБанк» ААК аманатчыларга компенсация төлөө тартиби жөнүндө келишимге кол коюшту

Бүгүн, 2026-жылдын 6-июлунда, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен «АБанк» ААК кепилдик учур келип чыккан учурда аманатчыларга компенсация төлөө жана отчетторду берүү тартиби жөнүндө келишимге кол коюшту.

Депозиттерди коргоо боюнча агенттик менен «АБанк» ААК аманатчыларга компенсация төлөө тартиби жөнүндө келишимге кол коюшту
фото: АЗД КР

Келишимге кол коюу Агенттик тарабынан агент-банктарды алдын ала тандоо жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча ишке ашырылды. Анын негизинде «АБанк» ААК алдын ала тандалып алынган агент-банктардын тизмесине киргизилген.

Келишимге Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев жана «АБанк» ААКнын Башкармасынын төрагасынын орун басары Айгүл Телеушева кол коюшту.

Түзүлгөн келишимге ылайык, «АБанк» ААК Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин агент-банкынын функцияларын аткарат. Кепилдик учур келип чыккан учурда банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө аманатчыларга компенсация төлөп берет, ошондой эле жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча Агенттикке отчетторду тапшырат.

Келишим тараптардын компенсациялык төлөмдөрдү уюштуруу жана жүргүзүү боюнча өз ара аракеттенүү тартибин, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

Бул келишимге кол коюу Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын кепилдик учур келип чыккан учурда аманатчыларга компенсациялык төлөмдөрдү ыкчам жүргүзүүгө даярдыгын камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп саналат жана өлкөнүн банк системасына болгон калктын ишенимин мындан ары да бекемдөөгө багытталган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.