Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кепилдик фонду 59 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоонун алкагында жашыл кепилдиктер механизмин ишке киргизет

Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагындагы «Жашыл кепилдиктер» компонентин каржылоонун көлөмү 59 млн АКШ долларын түзөт. Тиешелүү Субсидиардык келишимге 2026-жылдын 11-июнунда «КФ» ААКсы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда кол коюлду.

Кепилдик фонду 59 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоонун алкагында жашыл кепилдиктер механизмин ишке киргизет
Фото: www

Документке «КФ» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров жана Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Борбордук казыналыктын директору Умутжан Аманбаев кол коюшту.

«Кыргыз Республикасында ЧОИ үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү» долбоору Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын тобуна кирген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда.

Долбоор экологиялык жактан туруктуу технологияларды киргизүү жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн микро, чакан жана орто ишканалардын каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү аркылуу өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоого багытталган.

Долбоор төмөнкү үч негизги компоненттен турат:

  • жашыл жана туруктуу каржылоо;
  • жашыл кепилдиктер;
  • долбоорду ишке ашыруу жана туруктуу каржылоо боюнча потенциалды жогорулатуу.

«Кепилдик фонд» ААКсы «Жашыл кепилдиктер» компонентин ишке ашыруу үчүн жооптуу аткаруучу болуп аныкталган. Бул багыттын алкагында жашыл экономиканы жана туруктуу ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо боюнча кепилдик механизми түзүлөт.

Долбоордун каражаттары кайра жаралуучу энергия булактары, энергияны үнөмдөө, өндүрүштөрдү модернизациялоо, ошондой эле туруктуу айыл чарба ыкмаларын жана башка экологиялык багыттагы демилгелерди ишке ашыруучу ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталат.

«Экономиканын жашыл трансформациясы жеткиликтүү каржылоосуз мүмкүн эмес. Жаңы кепилдик механизми ишкерлерге заманбап экологиялык технологияларды киргизүүгө жана бизнестин энергия натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет. «КФ» ААКсы үчүн бул долбоорго катышуу кепилдик колдоо системасын өнүктүрүүдө жана Кыргыз Республикасында туруктуу каржылоо принциптерин илгерилетүүдө маанилүү кадам болуп саналат», - деп белгиледи «КФ» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров.

Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстанда жашыл каржылоо рыногун өнүктүрүүгө, ишкердик активдүүлүктү колдоого жана туруктуу өнүгүү менен жашыл экономиканын улуттук максаттарына жетүүгө өбөлгө түзөт.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.