Эми «Элкарт Мобайл» колдонуучулары Uzcard картасына түз каражат которо алышат

«Элкарт» улуттук төлөм системасы чек аралык операциялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, Uzcard карталарына түз которуулар боюнча жаңы кызматты киргизди.

Эми «Элкарт Мобайл» колдонуучулары Uzcard картасына түз каражат которо алышат
Сүрөт: БПБ

Бул тууралуу «Банктар аралык Процессинг Борбору» ЖАКсы билдирди. 

Эми колдонуучулар үчүнчү тараптын платформаларына муктаж болбостон, түздөн-түз «Элкарт Мобайл»тиркемеси аркылуу Өзбекстанга акча жөнөтө алышат.

Маалыматка ылайык, каражат которуу бир катар кадамдар менен ишке ашат:

  • тиркемеден «Кызматтар жана төлөмдөр» → «Банктык кызматтар» → «Чет элдик банктык кызматтар» баскычын басуу керек;
  • «Өзбекстандын картасын толуктоо (Uzcard)» кызматын тандоо;
  • алуучунун картасынын номерин көрсөтүү, сумманы жазуу жана операцияны тастыктоо. 

Каражаттын түшүү убактысы бир нече секунданы түзөт.

Белгиленгендей, жаңы кызмат Өзбекстанга акча которуунун тез, ыңгайлуу жана коопсуз жолун камсыздайт жана бул мүмкүнчүлүк «Элкарт Мобайл» тиркемесинин бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.