Микрокредит алгандардын ар бир экинчиси Бишкекте жашайт
Кыргызстанда 2026-жылдын январь–сентябрь айларында микрокредиттик уюмдар 76 млрд сомдон ашык суммага насыя беришкен.

Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
Микрокредит алуучулардын саны 2 млн адамдан ашкан. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу насыя берүүнүн көлөмү 20,7%га, ал эми карыз алуучулардын саны үч эсеге көбөйгөн. Мындай кескин өсүш кыска мөөнөттүү онлайн-кредиттердин өнүгүшүнө байланыштуу.
Микрокредиттердин басымдуу бөлүгү - 61%ы керектөө муктаждыктарына берилген. Дагы 15%ы айыл чарбасын өнүктүрүүгө, ал эми 13%ы соода жана коомдук тамактануу тармагына багытталган.
Микрокредит алгандардын дээрлик жарымы Бишкек шаарынын тургундары. Аймактар арасында төмөнкүлөр алдыңкы орунда турат:
- Чүй облусу - 11%дан ашык;
- Ош облусу - 9%;
- Жалал-Абад облусу - 9%га жакын;
- Ысык-Көл облусу - 8%дан ашык.
Каражаттын эң көп көлөмүн да борбор калаанын тургундары алышкан. Алар берилген насыялардын жалпы көлөмүнүн 33%га жакынын түзгөн. Андан кийинки орундарда Ош облусу (15%), Жалал-Абад облусу (13%га жакын) жана Чүй облусу (12,5%) турат.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.