Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Инфляция жана сырткы таасирлер: эмнеге Улуттук банк эсептик ченди үчүнчү жолу өзгөртүүсүз калтырды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 27-июлунда эсептик ченди (негизги ченди) 12 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2026-жылдын 28-июлунан тартып күчүнө кирет.

Инфляция жана сырткы таасирлер: эмнеге Улуттук банк эсептик ченди үчүнчү жолу өзгөртүүсүз калтырды
фото: Banks.kg

Глобалдык экономикада түзүлгөн тенденциялар Жакынкы Чыгышта абалдын курчушу алкагында Кыргыз Республикасындагы инфляциялык процесстерге таасирин улантууда. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баанын өзгөрүлмөлүүлүгү, Ормуз кысыгы аркылуу мунай продуктуларын берүүнүн үзгүлтүккө учуроо тобокелдиктери жана ага байланыштуу дүйнөлүк мунай рыногундагы баа жагдайы өлкөгө импорттолуучу товарлардын наркынын өсүшүнүн негизги факторлорунун бири бойдон калууда.

2026-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасында инфляция көрсөткүчү жалпысынан 6,5 пайызды (жылдык мааниде - 11,3 пайыз) түздү. Түзүлгөн инфляциянын түзүмүндө тышкы таасирдин алкагында азык-түлүк компоненти жана күйүүчү-майлоочу материалдар баалардын кыйла жогорулашын көрсөттү, бул өз кезегинде экинчи деңгээлдеги кесепеттерди жаратып, калктын керектөө куржунундагы товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнүн баасына таасирин тийгизди. Ошону менен бирге, мейманкана жана ресторандар чөйрөсүндө салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында кызмат көрсөтүүлөргө баа жогорулаган бойдон калууда, алар кийин келип чыккан чыгымдарын кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына которушат.

Кыргыз Республикасынын экономикасында калктын реалдуу кирешелеринин тынымсыз көбөйүшүнүн натыйжасында ички суроо-талаптын өсүшү белгиленүүдө. Ошону менен бирге, негизинен курулуш секторунда жогорку инвестициялык активдүүлүк байкалууда.

Экономиканын дээрлик бардык секторлору өлкөнүн реалдуу ИДӨсүнүн эки орундуу көрсөткүчтөрүн 11,9 пайыз деңгээлинде шарттоо менен оң динамиканы көрсөтүүдө.

2026-жылдын башынан тартып дүйнөдө геосаясий туруксуздуктун күчөшүнө жана сунуш боюнча күтүүсүз жагдайлардын пайда болушуна байланыштуу Улуттук банк өлкөнүн экономикасына тышкы инфляциялык факторлордун таасирин минималдаштыруу максатында акча-кредиттик шарттарды катуулаткан. Ошондой эле 2026-жылдын май айынан тартып жүргүзүлүп жаткан монетардык саясаттын алкагында тактикалык кадамдар өзгөртүлүп, экономикадагы акчанын көлөмүн жөнгө салуу чаралары күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө банктар аралык акча жана валюта рыноктору туруктуу ишин улантууда, кыска мөөнөттүү акча рыногунун пайыздык чендери Улуттук банктын эсептик ченине жакын деңгээлде түзүлгөн. Коммерциялык банктарда орун алган ашыкча ликвиддүүлүктүн деңгээли инфляцияга монетардык салымды чектөө максатында, Улуттук банктын акча-кредит инструменттери менен жигердүү жөнгө салынат. Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар калктын каражат топтоо аракетин күчөтүүгө, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого жана орто мөөнөттүү мезгилде өлкөдө инфляцияны максаттуу 5-7 пайызга чейин басаңдатуу үчүн өбөлгөлөрдү түзүүгө мүмкүндүк бере тургандыгы күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасында инфляциялык басымды күчөтүүгө түрткү берген негизги факторлор болуп, тышкы экономикалык чөйрөдөгү тенденциялар - дүйнөлүк жана региондук товардык рыноктордо баалардын жогорку туруксуздугу жана дүйнөдөгү курч геосаясий кырдаал саналат. Бул шарттарда Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизип жаткан тышкы жана ички факторлорго баа берүүнү улантууда жана азыркы учурда экономикада орто мөөнөттүү мезгилде баанын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн, катуулатылган акча-кредит шарттарын сактоо зарыл деп эсептейт.

Баалардын туруктуулугу үчүн кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк келип чыккан инфляциялык факторлорго өз учурунда чара көрөт.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө план боюнча кийинки отуруму 2026-жылдын 24-августунда өтөт.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.