Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Программанын жалпы каржылоо көлөмү 500 млн сомду түзөт. Бул программа суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында ишке ашырылууда.
Программанын шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- пайыздык чен — жылына 2%;
- насыя мөөнөтү — 7 жылга чейин;
- жеңилдетилген мезгил — 12 айга чейин.
Максаты сугат системаларын анын ичинде жамгырлатма сатып алуу жана орнотуу болуп саналат. Арыз берүүчүлөрдү тандоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлөт. Насыяларды берүү «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК аркылуу ишке ашырылат.
Кенен маалымат алуу жана арыз берүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына кайрылуу керек. Байланыш үчүн бул номерге кайрылууга болот: 0502885554.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.