Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорун лицензиялоо өзгөчөлүктөрү

КРнын мыйзамдарына ылайык, нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциялары лицензияланган иштин түрү болуп эсептелет. Улуттук банктан лицензия алган юридикалык жактар, анын ичинде комбанктар, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, алмашуу бюролору тарабынан берилиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорун лицензиялоо өзгөчөлүктөрү
Фото: deposit photos

Өлкөнүн аймагында чет өлкө валютасын алмашуу операциялары «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жана «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө» Жобо менен жөнгө салынат.

Лицензия чет өлкө валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө (мындан ары - лицензия) беш жылдык мөөнөткө берилет жана тийиштүү бюронун ажырагыс бөлүгү болуп саналып аны үчүнчү тарапка берүүгө болбойт, лицензия алган юридикалык жак төрт кошумча алмашуу бюросун ачууга укугу бар.

Алмашуу бюролору үчүн жүгүртүү каражаттары

  1. Бир алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 1 000 000 (бир миллион) сомду түзгөн Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан алмашуу бюролорун кошпогондо, 500 000 (беш жүз миң) сомду түзөт. 
  2. Юридикалык жактар тарабынан кошумча түзүлгөн, кошумча алмашуу бюросун ачуу учурунда алардын ар биринин жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 1 000 000 (бир миллион) сомду түзгөн Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан кошумча алмашуу бюролорун кошпогондо, 500 000 (беш жүз миң) сомду түзөт.
  3. Эгерде юридикалык жактын алмашуу бюросу нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жылда 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жатса, анда бир алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 500 000 сомду түзөт.
  4. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жак тарабынан кошумча түзүлгөн ар бир алмашуу бюросуна жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 200 000 (эки жүз миң) сомду түзөт.

Лицензия алуу үчүн Улуттук банкка «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун талаптарына ылайык документтерди тапшыруу зарыл, анын ичинде:

  • лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;   
  • алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматтар;
  • өтүнүч кат ээсинин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү; 
  • уюштуруу документтери;
  • жана Улуттук банктын талаптарына ылайык башка документтер.

Лицензия берүү боюнча өтүнүч катты Улуттук банк мыйзамдардын талаптарына ылайык болгон документтер жана өтүнүч кат келип түшкөн күнунөн тартып 30 календардык күн ичинде каралат.

Лицензияны берүү акы төлөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат, лицензиянын баасы 1000 сом түзөт.

Алмашуу бюролорго төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

  • юридикалык жактардан жана жеке адамдардан аманат акча каражаттарын тартууга; 
  • лицензиаттын менчиги болуп саналбаган, акча каражаттарын сактоого кабыл алууга;
  • лицензияда түздөн-түз көрсөтүлбөгөн башка операцияларды жүзөгө ашырууга.

Лицензия алуу үчүн документтердин тизмеси менен төмөнкү шилтемеде таанышууга болот.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.