Коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө 1000 сом айып салынат

Рейддик иштерди Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Бишкек шаардык транспорт» МИ жана «Тулпар» көзөмөл кызматы улантууда.

Коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө 1000 сом айып салынат
Сүрөт: Бишкек мэриясы

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жол кирени өз убагында төлөөсү жана накталай эсептешкен учурда жол жүрүү талонун алуусу көзөмөлдөнөт. 

Маалым болгондой, күнүнө орточо эсеп менен онго жакын административдик протокол түзүлүүдө. Жол кирени төлөбөгөндүгү үчүн айып пул 1000 сомду түзөт.

«Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Жол кирени өз убагында төлөп, түшүү-чыгуу эрежелерин сактоону, ошондой эле накталай төлөм жүргүзгөндө сөзсүз талон алууну өтүнөбүз», - деп жазылат мэриянын маалыматында. 

Рейддер күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.