Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Коомдук тамактануу тармагын фискалдоо салыктык түшүүлөрдү 60%га көбөйттү

Коомдук тамактануу тармагына маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү салыктык түшүүлөрдү 60%га көбөйттү.

Коомдук тамактануу тармагын фискалдоо салыктык түшүүлөрдү 60%га көбөйттү
Сүрөт: Интернеттен алынды

МСКнын басма сөз кызматы аталган пилоттук долбоордун учурдагы жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. 

Ушул жылдын январь-май айларында пилоттук долбоорду ишке ашыруудан салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 1 млрд 536,7 млн сомду түздү.  Бул көрсөткүч пилоттук долбоор ишке киргизилгенге чейинки, башкача айтканда 2025-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 615,5 млн сомго же 60 пайызга көп.

Оң динамика орточо айлык салыктык түшүүлөрдүн өсүшү менен да ырасталууда. ФПКга кошулганга чейин орточо айлык түшүүлөрдүн көлөмү 184,2 млн сом болсо, эсепке алуу системасы киргизилгенден кийин бул көрсөткүч 307,3 млн сомго жетти. Өсүү темпи 166,8 пайызды түздү.

Салыктык түшүүлөрдүн өсүшү ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгынын жогорулашынын, акчалай эсептешүүлөрдүн толук эсепке алынышынын жана көмүскө жүгүртүүнүн кыскарышынын натыйжасында камсыздалды.

«Мындай жыйынтыктар ФПКны киргизүү мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, бизнес жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүүгө жана салыктык тартиптин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт»,- деп билдиришти МСКдан.  

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.