Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда чет элдик жаран тартылган видео тараган. Анда ал Кыргызстандын улуттук валютасын демонстративдүү айрып, мамлекеттин символдоруна жана коомдук адеп-ахлак нормаларына карата сыйлабастык көрсөтүп жаткандыгы көрүнөт.
25-ноябрда милиция кызматкерлери видеодогу чет өлкөлүк жарандын өздүгүн аныкташып, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы төрөлгөн чет өлкөнүн жараны С.А. кармашкан. Анын Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн тастыктаган документтери жок экени аныкталган.
Учурда миграция мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча аталган чет өлкөлүк жаранга карата Кыргызстандын аймагынан чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек ШИИББи мамлекеттик символдорду кордогон же миграциялык тартипти бузган аракеттер мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.