Милициянын маалыматына ылайык, окуя 14-февраль күнү болгон. Анда №1 ШМБнын нөөмөт бөлүмүнүн жардамчысы Болотбек уулу Эламан жана №1 ШМБнын нөөмөт бөлүмүнүн инспектору, милициянын подполковниги Токтосун уулу Эркебек кызмат өтөө учурунда жогорку кесипкөйлүгүн жана жарандык жоопкерчилигин көрсөтүштү.
Сапка тизилип, нускама алгандан кийин кызматкерлер Ленин РИИБден №1 ШМБнө нөөмөткө киришүү үчүн жөнөп кетишкен. Жолдо бара жатып, Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде бордюрдун жанынан кара түстөгү кол сумканы байкашкан.
Токтоп, табылган буюмду текшеришкен. Ичинен документтер жана акча салынган түйүнчөктөр табылган. Акча каражаттары ачылган эмес. Бөлүмгө жеткен соң документтерди карап чыгып, кызматкерлер ээсинин ким экендигин аныктап, аны менен байланышышкан.
Кийин белгилүү болгондой, жаран жоготконун байкаганга да үлгүргөн эмес. Ал милиция бөлүмүнө чакырылып, барсетка өзүнө кайтарылган. Кызматкерлердин катышуусунда ал акча каражаттарын санап чыккан- дээрлик бир миллион сомду түзгөн сумма жана бардык документтер толук сакталгандыгы аныкталган.
А.Т. аттуу жаран милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, кийин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине кайрылып, алардын чынчылдыгы жана ак ниеттүүлүгү үчүн сыйлоону өтүнгөн.
Башкармалыктын жетекчилиги тарабынан Болотбек уулу Эламан менен Токтосун уулу Эркебекке ыраазычылык каттарын тапшыруу чечими кабыл алынды.
РИИБден белгилешкендей, мындай аракеттер туруктуулуктун, ак ниеттүүлүктүн жана кызматтык милдетке берилгендиктин үлгүсү болуп саналат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.