Жарандан төмөнкү мазмундагы каттарды алышууда:
«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын талабы боюнча аткаруу өндүрүшү боюнча материалдар камтылган тиркеме жөнөтүлөт. Бул тиркеме бухгалтерия жана жооптуу кызматкерлер таанышууга милдеттүү деген талап коюлган», - деп жазылган.
Башкы прокуратурадан бул билдирүү фейк жана алдамчылык экендигин белгилешти. Аталган билдирүү прокуратура органдарына тиешеси жок жана жарандарды адаштырууну көздөйт.
Башкы прокуратура эскертет:
- Эч качан тиркемелерди ачпаңыз, шилтемелерге өтпөңүз;
- Бул сыяктуу билдирүүлөр аркылуу зыяндуу программалар жүктөлүшү мүмкүн;
- Жеке маалыматтарыңызды коргоңуз.
Прокуратуранын расмий маалыматы расмий сайт аркылуу жана мамлекеттик мекемелер аралык каналдар аркылуу гана таратылат.
Эгер сизге ушундай билдирүү келип түшсө аны таратпастан, укук коргоо органдарына кабарлаңыз.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.