Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2025-жылдын 12-декабрында Свердлов РИИБине 1949-жылы туулган М. О. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырып, ишенимине кирип 850 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышып, андан кийин алар байланышка чыкпай калышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 2004-жылы туулган А. Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоого, далилдер базасын топтоого, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана алардын жүргөн жерин табууга багытталган ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары улантылууда.
Милиция мамлекеттик жана укук коргоо кызматкерлери үчүнчү тарап аркылуу акча которууну талап кылбайт экенин жана телефон аркылуу «маселелерди» чечпей турганын эскертет. Эгер сизге мындай чалуулар түшсө, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, укук коргоо органдарына кайрылуу керек.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.