Баткен жана Ош шаарларындагы алгачкы концерттер миңдеген көрүүчүлөрдү чогултуп, шаарларга чоң музыкалык фестивалдын өзгөчө маанайын тартуулады. Ош шаарындагы концертке эле 20 миңге жакын адам келип, ал өлкөнүн түштүгүндөгү сезондун эң ири маданий иш-чараларынын бири болду.
Сахнада Бегиш, Bakr, Freeman996, Баястан, Aftok, Era, 7Gen, AGA-INI, KAIBAR, Emir Aga жана башка белгилүү ата мекендик аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Концерттер көп сандагы көрүүчүлөрдү чогултуп, чыныгы музыкалык майрамдын маанайын жаратты.
Акысыз тур төмөнкү шаарларды дагы камтыйт:
- 2-июнь - Манас;
- 8-июнь - Талас;
- 17-июнь - Нарын;
- 23-июнь - Каракол;
- 30-июнь - Бишкек.
КЫРГЫЗ ТУР алкагындагы бардык концерттерге кирүү акысыз.
Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, КЫРГЫЗ ТУР жөн гана концерттер сериясы эмес. Бул - ата мекендик музыка индустриясын жана жаш аткаруучуларды колдоо, ошондой эле аймактардагы жаштар үчүн ири маданий иш-чараларды жеткиликтүү кылуу мүмкүнчүлүгү.
КЫРГЫЗ ТУР көрүүчүлөргө жандуу эмоцияларды, жаркын аткарууларды жана сүйүктүү артисттерин жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Коноктор ар кандай оюндарга жана активдүүлүктөргө катышып, карта ачып, белектерди жана BAKAIдын фирмалык мерчтерин ала алышты.
Жакынкы концертке акысыз билет алуу үчүн BAKAI тиркемесин жүктөп алып, «Кызматтар» бөлүмүндөгү Tiki Tiki сервисине кирип, билетиңизди алыңыз. Билеттердин саны чектелүү.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.