Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.
АЧК-13 долбоору боюнча жеңилдетилген насыялар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- «Мал чарбачылык» тармагы боюнча - 3 млрд 374,33 млн сом суммасында 5 432 субъектти түзөт;
- «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча - 441,02 млн сом суммасында 898 субъектти түзөт;
- «Сууну үнөмдөөчү технологиялар» тармагы боюнча 17 млн сом суммасында 24 субъектти түзөт;
- «Лизинг» тармагы боюнча 241,56 млн сом суммасында 122 субъектти түзөт.
Эске салсак, бул долбоордун алкагында 2024-жылы 4,8 млрд сом жеңилдетилген насыялар берилген. «АЧК-11» долбоору боюнча 2023-жылы 3,3 млрд сом жеңилдетилген кредиттер берилген. 2022-жылы «АЧК-10» долбоору боюнча Кыргызстандын банктары 3,4 млрд сом кредит беришкен.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.