Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2024-жылы ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 11,5%ды түзсө, 2025-жылы бул темп сакталып, 11 айда ИДПнын өсүшү 10,2%ды түздү.
«2020-жылы ИДПнын көлөмү 639 млрд сом өлчөмүндө болсо, 2024-жылы ИДПнын көлөмү 1,6 трлн сом болгон, ал эми 2025-жылы алдын ала маалыматтар боюнча бул көлөм 1,8 трлн сомдон ашары күтүлүүдө. Бул ИДПнын көлөмү үч эсе өстү дегенди билдирет», - деп билдирди ал.
ИДПнын өсүшү боюнча 2024-жылы Кыргызстан дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнүн катарына кирсе, 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда болду.
«Өсүүгө курулуш, өнөр жай, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн өнүгүүсү, ошондой эле негизги капиталга инвестициянын көбөйүшү түрткү болду», - деп кошумчалады Адылбек Касымалиев.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.