Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандын ИДПсы 781 миллиард сомдон ашты

2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын ички дүң продуктусу 781,1 миллиард сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкөнүн экономикасы 12,2%га өскөн.

Кыргызстандын ИДПсы 781 миллиард сомдон ашты
Сүрөт: ЖИ

Бул тууралуу Статком тарабынан брифинг учурунда белгилүү болду.

ИДПга эң чоң салымды тейлөө тармагы  кошкон – 51,1%. Товардык өндүрүш тармактары 32,6%ды түздү.

Өнөр жайдын өсүшү негизги металлдарды, тамак-аш азыктарын, мунай өндүрүмдөрүн, курулуш материалдарын, фармацевтика жана химиялык заттарды өндүрүүнүн көбөйүшү менен шартталган. Пайдалуу кендерди казып алуу 19,7%га металл рудасын алуу 26,3%га өстү.  

Мал чарба продукциясын 4%га көбөйтүүнүн эсебинен айыл чарба продукциясын өндүрүү. Курулуш жана соода тармагында да оң өсүш байкалды. Чекене соода 14,3%га, дүң соода 9,1%га өстү.

Негизги капиталга салымдар ички жана тышкы каржы булактарынын өсүүсүнүн эсебинен бир кыйла өстү. Инвестициялардын 80%дан ашыгы транспорт инфраструктурасын, энергетика, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана турак жай курулушун өнүктүрүүгө багытталган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.