Кыргызстанда январда ички дүң продукция 125,7 млрд сомду түздү

2026-жылдын январь айында алдын ала эсептөөлөр боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 125,7 млрд сомду түздү, бул көрсөткүч 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу 9%га өскөн.

Кыргызстанда январда ички дүң продукция 125,7 млрд сомду түздү
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу бир катар тармактардагы өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы менен камсыздалды. 

  • жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүк - 1,8 эсеге;
  • резина жана пластмасса буюмдары, курулуш материалдары - 1,7 эсеге; 
  • химиялык продукциянын көлөмү - 38,9 %га;
  • пайдалуу кендерди казуунун көлөмү - 37,7 %га;
  • транспорт каражаттарын өндүрүү - 36,1 %га;
  • тазаланган мунай продуктылары - 21,1%га;
  • тамак-аш азыктары (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки буюмдары - 13,6%га;
  • фармацевтикалык продукция - 8,9 %га;
  • негизги металлдар – 6 %га көбөйгөн.

Ошондой эле оң өсүү экономиканын башка негизги тармактарында да катталган:

  • курулуш – өсүү 25,7%га;
  • дүң жана чекене соода – өсүү 21,1%га;
  • айыл чарбасы – өсүү 3,5%га.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн экономикасы өнөр жай өндүрүшүнүн, курулуштун жана сооданын эсебинен туруктуу өсүштү көрсөтүүдө.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.