Бул тууралуу бүгүн, брифингде Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Өсүүнүн негизги кыймылдаткычы
ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз болду.
- товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи - 11,3 %га;
- кызмат көрсөтүү - + 8,8 %га;
- продукттарга болгон таза салыктар - +10,8 %га.
Эске салсак, мындан бир ай мурун Кыргызстанда ИДПнын өсүшүнүн кыймылдаткычтары фармацевтика жана курулуш болгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын ИДПсы 1 триллион 240,5 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%га көп болду.
ИДПнын структурасы
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш -49,6 пайыз кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бул өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 1,3 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн.
Ошол эле учурда товар өндүрүү тармактарынын үлүшү, тескерисинче, 1,8 пайыздык пунктка жогорулап, 35,4 пайызды түздү.
Тармактар боюнча:
- курулуштун үлүшүнүн өсүшү - 1,2 %;
- өнөр жайдын үлүшү – 1,0 %;
- айыл чарбасынын үлүшү, 0,4 %га төмөндөгѳн.
Улуттук статистикалык комитеттин эскертүүсү
Улуттук статистикалык комитет ИДПны эсептөө экономиканын өнүгүү тенденцияларын чагылдырып, анализдин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөрүн түшүндүрдү.
Методология ИДПнын түзүмүндөгү жалпы үлүшү болжол менен 55%ды түзгөн айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш тармактары боюнча өндүрүштүн индекстеринин өзгөрүшүнө негизделген.

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек