Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кепилдик фонду, МИК жана «Элдик Банк» жаңы ипотекалык программа боюнча макулдашууга кол коюшту

«Кепилдик фонд» ААКсы, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы жана «Элдик Банк» ААКсы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу «Аялдар үчүн ипотека жана жашыл ипотека» программасынын алкагында ипотекалык кепилдиктерди берүү боюнча кызматташуу жөнүндө кошумча макулдашууга кол коюшту.

Кепилдик фонду, МИК жана «Элдик Банк» жаңы ипотекалык программа боюнча макулдашууга кол коюшту
Фото: www

Жаңы ипотекалык программанын алкагында баштапкы төлөм үчүн өздүк каражаты жетишсиз же таптакыр жок жарандар да турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындай учурда белгиленген шарттарга ылайык, баштапкы төлөмдүн жетишпеген бөлүгүн «Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдиги жаба алат.

Программа Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы көлөмү 65 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржыланган «Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Долбоордун биринчи багыты - аялдардын турак жайды каржылоого жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган «Аялдар үчүн ипотека». Пайыздык чен Бишкек жана Ош шаарларында турак жай сатып алууда жылдык 10,75%, ал эми Кыргызстандын аймактарында 9,75% түзөт.

Кийинки багыт «Жашыл ипотека» болот. Ал энергияны үнөмдөөчү турак жайларды сатып алууга жана турак жай секторунда энергияны үнөмдөөчү чечимдерди жайылтууга багытталган.

Эске салсак, «Кепилдик фонд» ААКсы, «МИК» ААКсы жана «Элдик Банк» ААКсынын турак жай программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташуусу 2022-жылдан бери уланып келет. 2022-жылдын 13-декабрында тараптар ипотекалык кепилдиктерди берүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.   

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.