«Global Money Week - 2025» алкагындагы финансылык сабаттуулук боюнча сабак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери жана мектеп окуучулары үчүн Global Money Week - 2025 эл аралык кампаниясынын алкагында финансы боюнча сабак болуп өттү. Сабак «Банк Компаньондун» колдоосу менен уюштурулду.

«Global Money Week - 2025» алкагындагы финансылык сабаттуулук боюнча сабак

Быйылкы кампаниянын урааны - «Акылың болсо башында, акчаң болот капчыкта» - жаштар үчүн акчанын баасын түшүнүүгө, туура маалымат издеп табууга жана финансылык чечимдерди акыл-эстүү кабыл алууга чакырат. Бул ураан жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акчаны башкаруу маданиятын өнүктүрүү жана жоопкерчиликтүү мамиле калыптандыруу максатын көздөйт.

«Банк Компаньондун» адистери катышуучуларга акчаны үнөмдөө, бюджети түзүү, финансылык коопсуздук жана заманбап санариптик куралдар тууралуу пайдалуу маалыматтарды беришти.

#GMW2025

#GMWKyrgyzstan2025

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.