Ведомстводон билдиришкендей, аталган токтом долбоору талкууга 2025-жылдын 7-октябрында чыгарылган.
Документ «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана министрлер кабинетинин укук коргоо органынын макамына ээ болгон Салык кызматынын органдарынын функцияларын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү» деп аталып, КРнын Салык кодексинин 55-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
МСК белгилегендей, долбоорду артка чакыртып алууда коомчулуктун пикирин эске алып, чечим кабыл алынган.
«Мамлекеттик салык кызматы жарандарга талкууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет жана кызматтын ачык диалогго даяр экенин белгилейт», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.