Алтындын биржадагы баасы тарыхта эң жогорку чекке жетти

Алтындын биржалык баасы дүйшөмбү күнү биринчи жолу тарыхта унциясы үчүн 3 800 доллар чегинен ашты.

Алтындын биржадагы баасы тарыхта эң жогорку чекке жетти
Иллюстрациялык сүрөт

Москва убактысы боюнча саат 11:39да Нью-Йорктагы Comex биржасында декабрь айына карата алтын фьючерси мурунку жабылыш баасына салыштырмалуу 25,7 долларга же (0,68%га) өсүп, трой унциясы үчүн 3 800,8 долларга жетти.

Ошол эле маалда декабрь айына карата күмүш фьючерси 0,32% кымбаттап, унциясы 44,355 долларга жетти.

2025-жылдын 23-сентябрына карата КРнын Улуттук банкынын алтын куймаларынын баасы:

  • 1 г – сатып алуу 11 830,5 сом, сатуу 11 889,5 сом;
  • 2 г – сатып алку 22 384 сом, сатуу  22 473,5 сом;
  • 5 г – сатып алуу 54 158 сом,сатуу 54 320,5 сом;
  • 10 г – сатып алуу 106 498 сом,сатуу 106 711 сом;
  • 31,1035 г (1 унция) – сатып алуу 327 841,5 сом, сатуу 332 759,5 сом;
  • 100 г – сатып алуу 1 049 561,5 сом, сатуу 1 081 048,5 сом. 

Эскерте кетсек, алтындын август фьючерстеринин бир троя унциясы 3400 доллардан ашкан. Кыргызстанда да баалуу металлдын баасы көтөрүлгөн.

Буга чейин Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев өлкөнүн алтын-валюта резервинде 52 тонна алтын сакталууда экенин билдирген. Мындай билдирүү Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.