Биз Кыргызстандын төмөнкү коммерциялык банкында «Золотая Корона» иштеп жатканын тактадык:
- «ЭкоИсламикБанк» ЖАК.
Аталган банк рубль менен гана иштейт.
«Компаньон Банк» ЖАКсында мобилдик тиркеме аркылуу акча которуу убактылуу жеткиликсиз. Орусиядан жөнөтүлгөн акча которууларды сом менен алууга болот.
«Дос-Кредобанк» ААКсында «Золотой Корона» аркылуу Россия Федерациясына акча которууларды жөнөтүү мүмкүн эмес. Орусиядан келген которууларды Банктын бөлүмдөрүнөн орус рубли менен алууга болот.
Ошондой эле каражаттарды жөнөтүү жана алуу ыкмалары боюнча маалымат алуу үчүн Кыргызстандагы банктардын байланыш борборлоруна кайрылууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, Banks.kg порталынын суроосуна жооп катары КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, Улуттук банк өзүнүн көзөмөлдөөчү функцияларынын алкагында «Золотая Корона» (РНКО «Платёжный центр») төлөм системасынын карата эл аралык санкция киргизилгенден кийинки кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп жатат.
«Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте санкцияларга байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу жана төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Финансылык жөнгө салуучу орган жарандарга каражат жөнөтүүдөн же алуудан мурун өздөрүнүн банктары аркылуу системанын учурдагы иштөө абалын тактап алууну сунуштайт», — деп билдиришти Улуттук банктан.
Ички рынокто жарандардын кызыкчылыктарын коргоо максатында альтернативдүү каналдар, анын ичинде акча которуунун башка эл аралык системалары колдонулууда жана активдүү өнүктүрүлүүдө. Иштеп жаткан акча которуу системаларынын тизмеси Улуттук банктын расмий сайтында www.nbkr.kg шилтемеси боюнча жеткиликтүү.
Кыргыз Республикасынын каржы системасы жетиштүү деңгээлде диверсификацияланган жана Улуттук банк өлкөнүн төлөм системасынын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жатканы кошумчаланды.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.