Фонддун инвестициясы
Ведомствонун маалыматына ылайык, ушул жылдын 8 айында:
- мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,90-16,00% жылдык кирешелүүлүгү менен 9 млрд 378,4 млн сом инвестициялаган.
- коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөт менен 4 млрд 105 млнсом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 12,1-13,0% болгон.
- ошондой эле 1 млрд 750 млн сом өлчөмүндө эмитенттердин акцияларына жайгаштырылган.
Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 15 млрд 233,4 млн сом инвестицияланган.
Алынган киреше
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь-август айларында төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 3 млдр 976,7 млн сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 583,8 млн сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 21,1 млн сом;
- башка кирешелер - 0,4 млн сом.
Бардыгы болуп 2025-жылдын январь-август айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 4,6 млрд сом киреше алынган.

widget.comment.header
widget.comment.empty_state.title
widget.comment.empty_state.subtitle
widget.comment.login_prompt.text