WhatsApp тиркемесинде «JDC Кыргызстанда» аттуу жаңы алдамчылык схемасы пайда болду

Чүй облусунун тургундарына интернет алдамчылыгына байланыштуу эскертүү берилди, анда WhatsApp аркылуу «JDC Кыргызстанда» деген топтордо алданып калуу фактылары көбөйүүдө.

WhatsApp тиркемесинде «JDC Кыргызстанда» аттуу жаңы алдамчылык схемасы пайда болду
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Облустук милициянын маалыматы боюнча, жогорудагы иш-аракеттер каржылык пирамидага тиешелүү. Адамдарга мыйзамдуу негизсиз жогорку жана кепилденген киреше убадаланып, акча салуу сунушталат.

Алдамчылар, адамдардын ишенимине кирип, көрсөтүлгөн WhatsApp топторуна кошуп, ар кандай банктардын QR-коддорун жөнөтүшөт. Бул QR-коддор аркылуу «катышуу деңгээлдерине» төлөм талап кылынат:

  • 1-деңгээл — 6 800 сом;
  • 2-деңгээл — 33 000 сом;
  • 3-деңгээл — 45 000 сом.

Бул суммаларды төлөө тапшырмаларды алуу жана «акчаны көбөйтүү» максатында сунушталат, бул чындыгында адамдардын акчасын мыйзамсыз басып алуу болуп эсептелет.

Акчаны төлөгөндөн кийин катышуучулар «JDC168kg» сайтына багытталат, анда аккаунт жана электрондук эсеп ачуу сунушталат. Алар 10 күндөн же эки жумага чейин төлөмдөрдү убада кылышат жана кирешеге жетүү үчүн тапшырмаларды аткарууну сунушташат, бул дагы кирешени көбөйтүүгө багытталган ыкма.

Каржылык пирамида деген эмне жана аны кантип билүү керек

Адистер каржы пирамидасы алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири экенин эскертишет. Мындай схемаларда катышуучуларга төлөмдөр чыныгы кирешенин эсебинен эмес, жаңы киргендердин акчасынын эсебинен жүргүзүлөт.

Эксперттердин белгилешинче, мындай долбоорлор көбүнчө тааныштар же социалдык тармактар аркылуу таратылат: адамга баштапкы төлөм киргизүү, жаңы катышуучуларды алып келүү сунушталат жана тез арада жогорку киреше убада кылынат. Дал ушул «тез арада жеңил акча табуу» каалоосу көбүнчө акчаңызды жоготууга алып келет.

Финансылык пирамидалардын негизги белгилерине төмөнкүлөр кирет:

  • кыска мөөнөттө өтө жогорку киреше убада кылуу, чендеринин банктардыкынан кыйла жогору болушу; 
  • пайда алуу үчүн жаңы катышуучуларды милдеттүү түрдө тартуу; 
  • документтердин жана лицензиялардын жоктугу, каттоодон же финансылык отчеттуулукту көрсөтүүдөн баш тартуу; 
  • каражаттардын кайтарылышына кепилдик бербеген күмөндүү келишимдер; 
  • тажатма сунуштар жана «дал ушул жерде азыр» чечим кабыл алууну талап кылган басым.

Адистер каражат салуудан мурун компаниянын каттоосун, лицензиясынын бар-жогун текшерүүнү жана айтылган кирешелерди документ түрүндө тастыктоону талап кылууну кеңеш беришет.

Чүй ОИИББи төмөнкү чараларды колдонууга чакырат:

  • Мессенджерлер аркылуу келген QR-коддорго жана шилтемелерге тааныш эмес адамдарга акча которбоңуз;
  • Онлайн платформалардын мыйзамдуулугун жана расмий каттоосун текшериңиз;
  • Алдамчылык фактылары аныктаган учурда, дароо ички иштер органдарына кайрылыңыз, сүйлөшүүлөрдү жана төлөм документтерин сактаңыз.

Алдамчылар дайым жаңы ыкмаларды ойлоп табышат, андыктан алардын тузагына түшүп калбаңыз. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.