Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Белгиленген мөөнөткө чейин декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга тийиш:
- жеке ишкерлер (айрым жеңилдик категорияларын эске албаганда);
- эл аралык уюмдарда, өлкө аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген КР жарандары;
- отчеттук мезгил ичинде кирешесинен киреше салыгы кармалбаган жеке жактар.
Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка жеке жактар ыктыярдуу негизде, анын ичинде, социалдык жана мүлктүк чегерүүлөрдү колдонуу аркылуу киреше салыгын кайтарып алуу үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга укуктуу.
Эске салсак, декларация электрондук түрдө cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу тапшырылат.
Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 телефону аркылуу, ошондой эле МСК сайтынан алууга болот.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.