Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Чет элдиктер Кыргызстанда кантип мыйзамдуу иштесе болот – инструкция

Мамлекеттик салык кызматы коңшу мамлекеттерден Кыргызстанга келген эмгек мигранттарынын салыктык милдеттенмелери тууралуу маалымат берди.

Чет элдиктер Кыргызстанда кантип мыйзамдуу иштесе болот – инструкция
Иллюстрациялык сүрөт

КРнын салыктык мыйзамдарына ылайык, эгерде коңшу мамлекеттин жараны Кыргызстандын жараны болгон жеке жакка курулуш, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы же жеке тейлөө тармагында эмгектенсе, патенттин негизинде салык төлөөгө тийиш. 

Белгилей кетсек, эмгектенген мигрант өз алдынча патент жана камсыздандыруу полисин тариздөөгө милдеттүү. Патенттин баасы айына 800 сомду түзөт. Ал эми камсыздандыруу төгүмүнүн өлчөмү кыскартылган орточо айлык эмгек акынын 6%ын түзөт.

Патент алуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу зарыл:

  • каалаган Калкты тейлөө борборунан (КТБ) жеке идентификациялык номерди (ПИН) алуу;
  • аймактык салык органында салыктык каттоодон өтүп, алгачкы патентти алуу;
  • биринчи жолу кайрылганда салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү үчүн логин жана сыр сөз алуу;
  • андан ары патентти салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу онлайн тартипте узартып туруу.

Эгерде эмгек мигранты юридикалык жакта же жеке ишкерде иштесе, анда бардык салыктык милдеттенмелерди салык агенти катары иш берүүчү аткарат. 

Салык кызматы жеке, курулуш же тиричилик муктаждыктары үчүн чет элдик адистерди жалдап жаткандарга жумушчуларды формалдуу түрдө ишке орноштуруу жана алардын иштөөгө уруксааттарын текшерүү мыйзамдуулуктун сакталышынын жана иш берүүчүнүн укуктук корголушунун маанилүү шарты экенин эскертти.

Каттоосуз жана тиешелүү документтерсиз иштөө административдик жоопкерчиликке алып келери кошумчаланды.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.