Көпчүлүк кыргызстандыктар Ысык-Көлдө сезон маалында жакшы эс алуу колунда бар үй-бүлөлөрдүн гана мүмкүнчүлүгү деп эсептешет. Чынында эле быйыл кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы бир топ кымбаттады. Бирок жолго чыгууга саналуу апта калганда акча издебей, эс алуу алдын ала пландалса, мындай максатка жетүү толук мүмкүн. Келгиле, эсептеп көрөлү.
Эсеп үчүн сезон кайнап турган маалдагы ыңгайлуу вариантты алдык: көрктөндүрүлгөн аймагы, өзүнүн пляжы жана эртең мененки тамагы кошулган пансионат. Мындай жерде орточо баа бүгүнкү күндө бир түнгө болжол менен 8 миң сомду түзөт. Жети күнгө жашоонун өзү эле болжол менен 56 миң сомго чыгат.
Эртең мененки тамак жогорудагы баага кирет. Ал эми төрт адамдан турган үй-бүлөнүн түшкү жана кечки тамагына күнүнө орточо 5 миң сом каражат сарптоо керек болоь. Бир жумада бул дагы 35 миң сом болот. Буга кошумча Бишкектен барып-келүү жол киреси - унаа менен болжолдуу 4 миң сом жана көңүл ачуулар кошулат. Үй-бүлө менен сапборд, катамаран же суу аттракциондорунда бир нече жолу эс алуу бир жума ичинде чыгымды дагы 10-12 миң сомго көбөйтөт. Ошондой эле күтүлбөгөн чыгымдарга жок дегенде 5 миң сом бөлүп койгон оң.
Жыйынтыгында жакшы шарттагы бир жумалык эс алуу болжол менен 110 миң сомго чыгат.
Бир караганда бул чоң суммадай сезилет. Бирок аны жайкы эс алууга ай сайын топтоло турган каражат катары карасак, көрүнүш таптакыр башкача болот. Биздин эсеп боюнча, мындай эс алууга жетиш үчүн ай сайын өзүнчө «максаттуу» топтомго болжол менен 9,1 миң сомдон бөлүп туруу жетиштүү. Жөнөкөй айтканда, жыл ичи айына 10 миң сомдон топтоп турсаңыз, жай мезгилинде акча издеп убара болбойсуз.
Эми мындай топтомду үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирбестен чогултуу үчүн айына канча киреше керек экенин эсептеп көрөлү.
Финансылык кеңешчилер адатта ай сайынкы кирешенин 10-20 пайызын топтомго багыттоону сунушташат. Эгер үй-бүлө кирешесинин 10 пайызын үнөмдөй алса, анда 110 миң сомдук эс алуу бюджетин топтоо үчүн алардын жалпы айлык кирешеси болжол менен 91 миң сомду түзүшү керек.
Бирок бул эсеп бир маанилүү шарт аткарылганда гана туура болот: азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга, транспортко, балдардын окуусуна, насыяларга жана башка милдеттүү чыгымдарга төлөгөндөн кийин үй-бүлөнүн мындай сумманы топтоого мүмкүнчүлүгү калышы зарыл.
Практика көрсөткөндөй, көпчүлүк кыргызстандык үй-бүлөлөр үчүн айына 90–100 миң сомдон кем эмес жалпы киреше ыңгайлуу көрсөткүч болуп саналат. Ушундай деңгээлдеги киреше менен бир жумалык сапаттуу эс алууга акча топтоо толук мүмкүн. Бул үчүн эс алууну өзүнчө финансылык максат катары белгилеп, ага алдын ала даярдык көрүүнү баштоо жетиштүү.
Албетте, жыйынтыгында чыгым мындан аз да, көп да болушу мүмкүн. Арзаныраак турак жайды тандасаңыз же көңүл ачуулардын бир бөлүгүнөн баш тартсаңыз, чыгым азаят. Тескерисинче, кымбат мейманканага жайгашып, эс алууну кенен өткөрсөңүз, чыгым дагы көбөйөт.
Бирок негизги жыйынтык өзгөрбөйт: жакшы эс алуу - жогорку айлык маянанын эмес, туура финансылык пландоонун жыйынтыгы. Эгер эс алууга керектүү акчаны жыл бою акырындык менен топтоп турсаңыз, Ысык-Көлгө баруу үй-бүлөлүк бюджетке оорчулук жаратпай, чындап эле үй-бүлө менен тынч, жагымдуу эс ала турган көптөн күткөн убакытка айланат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.