Айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана өндүрүш: соцконтракт кантип бөлүштүрүлдү

2025-жылы жарандар «Социалдык контракт» программасына катышуу үчүн 8 899 арыз берген. Ал эми ушул жылга 13 333 катышуучуга квота белгиленген.

Айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана өндүрүш: соцконтракт кантип бөлүштүрүлдү
Сүрөт: Эмгек министрлиги

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, арыздарды кароонун жыйынтыгында аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр менен 8 087 социалдык контракт түзүлдү. 

Бул долбоорго өзгөчө аялдар активдүү катышты, тагыраагы катышуучулардын жалпы санынан 7 126сы – аялдар. 

Долбоорлордун негизги багыттары: 

  • Айыл чарба – 6067 долбоор;
  • Кызмат көрсөтүү - 712 долбоор;
  • Өндүрүштө – 600; 
  • Соода-сатык – 467 долбоор. 

«Социалдык контракт» программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, алардын экономикалык активдүүлүгүн стимулдаштырууга жана туруктуу киреше булактарын түзүүгө багытталган. Социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөр өз ишин ачуу же өнүктүрүү үчүн каржылык жардам алышат, бул өз алдынча иш менен камсыз болуунун өсүшүнө жана калктын жыргалчылыгынын жакшырышына өбөлгө түзөт.

«Бүгүн биз жарандардын программага болгон чыныгы кызыгуусун көрүп жатабыз. Катышуучулардын басымдуу көпчүлүгү аялдар экени өзгөчө кубандырат. Бул аялдардын үй-бүлөлүк бизнести, айыл чарбасын жана региондордогу ишкердикти өнүктүрүүдөгү ролунун өсүп жатканын тастыктайт», - деп белгилешет министрликтен. 

Ведомство социалдык контракттын мүмкүнчүлүктөрүнөн көбүрөөк үй-бүлө пайдаланып, экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатышы үчүн программаны жайылтуу боюнча активдүү ишти улантууну пландаштырып жатканын кошумчалады. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.