Криптобиржанын маалыматына караганда, ELQR аркылуу сом менен эсепти толуктоо үчүн алынуучу комиссия 25%га төмөндөтүлдү.
КРнын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-сентябрына карата өлкөдө 90,9 миң QR-код орнотулган. Бул бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 88,8%га көп. Бул мезгил аралыгында негизги оператордун системасы аркылуу 266,5 млн төлөм жүргүзүлүп, алардын жалпы суммасы 452,9 млрд сомду түзгөн. Операциялардын саны 10 эсе, ал эми суммасы 16 эсе өскөн.
Сомго USDT кантип сатып алса болот?
Binance колдонуучулары эсептерин кыргыз сому менен ELQR аркылуу толуктап, сомго 1:1 катышында байланган KGST санариптик активин ала алышат. Андан кийин аны АКШ долларына байланган USDT стейблкоинине алмаштырууга болот.
Алмаштыруу схемасы төмөнкүдөй: сом → KGST → USDT.
Бул үчүн KGS валютасында эсепти толуктоо бөлүмүн тандап, KGST сатып алууну көрсөтүү, банк тиркемесинин жардамы менен ELQR аркылуу төлөө керек. Каражат эсепке түшкөндөн кийин спот рыногунда KGSTни USDTге алмаштырууга болот.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 14-октябрынан 2027-жылдын 13-январына чейин Binance акция өткөрүүдө. Анын алкагында KGSTни USDTге жана кайра тескерисинче алмаштыруу соода комиссиясы жок жүргүзүлөт. Эсепти толуктоого кеткен чыгымдарды эске алганда, сомдон USDTге өтүүнүн жалпы наркы операциянын суммасынын орточо 0,6%ын түзөт.
Эмнелерди эске алуу маанилүү?
Эсепти толуктоо үчүн алынуучу комиссиянын төмөндөшү USDTнин өзү 25%га арзандаганын билдирбейт. Жалпы чыгымдар алмашуу курсуна жана операциянын башка шарттарына жараша болот.
Ошондой эле стейблкоиндердин да тобокелдиктери бар белгилүү бир валютага байланганы анын наркы бардык шарттарда сакталарына кепилдик бербейт. Операцияларды жүргүзүүдөн мурун сервистин шарттарын жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди изилдөө сунушталат.
Binance компаниясынын аймактык жетекчиси Кирилл Хомяковдун айтымында, жергиликтүү төлөм чечимдеринин өнүгүшү санариптик активдерге жетүүнү жеңилдетип, колдонуучулардын чыгымдарын кыскартууга жардам берет.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.